• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Таластын тургуну “Йакын Инкар” экстремисттик уюмунан баш тартты

21 Теке 2022 12:18 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” ДЭАнын мүчөлөрүн жана тарапташтарын ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

«Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас облусунун Талас районунун тургуну Б.Д.Ж. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен кабыл алып, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын Инкар” ДЭАнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 976