• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Талдыкорганда Назарбаевдин эстелиги кулатылды

5 Үчтүн айы 2022 22:54 Бишкек Govori.TV

Талдыкорган шаарында Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелиги митингчилер тарабынан кулатылды. Бул тууралуу сүрөттөр интернетке тарады.

Анда эстелик экиге бөлүнүп, жерде жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин Талдыкорганда чогулган митингчилер Назарбаевдин эстелигине жип байлап, аны кулатууга аракет кылып жаткан учурдагы видео жарыяланган болчу.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.

Количество просмотров: 890