• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Талибан» Орусиядан мунай сатып алууну көздөп жатат

16 Баш оона 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Былтыр августта Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” террордук кыймылы Орусиядан Кабулга бир миллион баррель мунай сатууну сунуштады.

Бул тууралуу РИА Новости агенттигине талибдердин өкмөтүнүн өнөр жай жана соода министри Нуриддин Азизи билдирди.

Азизи “Талибан” мунайды бартердик жол менен алуу жолдорун карап жатканын белгилеген. Анын айтымында, талибдер энергоресурсту Орусия кызыккан кайсы бир ооган өнүмүнө алмашууга кызыктар.

Июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунда Ооганстандын соода-өнөр жай палатасынын башчысы талибдер Орусиядан беш миң тонна мунай жана эки миллион тонна дан сатып алууну каалай турганын айткан.

Талибдер сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Москвага 14-августта келген.

Талибдер Кабулду каратканына 15-августта толук бир жыл болду. Алар былтыр 15-августта бийликти басып алып, өкмөт түзгөн. Аны дүйнө өлкөлөрү тааный элек. “Талибан” кыймылы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда террордук уюм деп табылган. Ага караба орусиялык аткаминерлер талибдер менен Москвада жолугушууларды байма-бай өткөрүп келатат

Количество просмотров: 174