• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Талиева: Акылбек Үсөнбекович, сиздин ушунчалык кайдыгер экениңизге таң калдым

19 Тогуздун айы 202217:13 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети Жогорку Кеңеште күз-кыш мезгилине даярдык, экономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык маселелер боюнча маалымат берип жатат.

Анда депутат Камила Талиева Акылбек Жапаров  чек ара чыры болгондон кийин Баткенге 10 күндөн кийин барганына нааразы пикирин айтты.

«Чырдын чыгышына эл күнөөлүүбү? Канча бала бакча, мектеп иштебей жатат, министрди уктап жаткан жеринен тургузса буларды жатка билиши керек. Мен өзүм айта алам, бирок эмне үчүн алар билишпейт? Кыш келе жатат, элге кыйын болду. Чындыгында ал жерде эч кандай иш баштала элек, борбордук аянтта 16 үйгө траншея казылган. Социалдык объектилер, айыл өкмөттөр турат, ҮДТлар турат. Өкмөттүн бүгүнкү отчету нөлгө барабар. Өкмөт мындай отчет менен келбеши керек. Мен сиздин ушунчалык кайдыгер экениңизге таң калдым. Акылбек Үсөнбекович, сиздин жообуңузга таң калдым»,-деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 758