• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

«Мен коррупционерлерди ныпым коргогон жерим жок». Талиева Ататүрк паркындагы үйлөр тууралуу үн катты

15 Бугу 2024 10:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 15-майдагы жыйынында депутат Камила Талиев Бишкектеги Ататүрк паркындагы үйлөр тууралуу маселе көтөрдү.

Анын айтымында 20-май күнү паркта жайгашкан үйлөйрдүн баарын буздуруп, жашоочууларды чыгаруу туура эмес экенин белгиледи, анткени парктын аймагындагы үйлөрдө катардагы жарандар да жашай турганын айтып, алардын маселесин этият кароого чакырды.

«Мен коррупционерлерди ныпым коргогон жерим жок. Мэрия айтып жаткан 198 объектиде катардагы карапайым жарандар да, ак ниет сатып алуучулар да бар. Алар балким экинчи, үчүнчү, бешинчи колдоп алышкандыр. Эмне үчүн кезинде ошол парктын аймагын берип жиберишкен, ошого жол бергендер эмнеге жоопкерчиликке тартылбайт да парктын аймагы бузулушу керек? Баары иликтенсин, мыйзамсыз берилгенин билбей сатып алгандар да бар» , — деди депутат.

Мэрия Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузарын айтты. Калаа башчысы Айбек Джунушалиев сотко доо арыз менен кайрылууга тапшырма берди. Парктын аймагындагы объектилерди бузуу иштери 20-майга пландаштырылган. Мэр мурда курулушка берилип кеткен 43 гектар жерди кайтарууну көздөп жатат.

16-апрелде апрелде Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушу тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аянты кыскарып, жер тилкеси кантип жеке колго өтүп кеткенин иликтешкен. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, жер алып, үй салгандардын арасында мурдагы жана азыркы аткаминерлер бар.

25-апрелде ал жердеги үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар кезинде аталган эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтып, алардын менчикке болгон укугун эске алууга чакырышкан.

Количество просмотров: 161