Алгоритмдин негизинде иштебеген кафелердин ишине кийинки жумадан баштап чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев өкмөттөгү брифингде билдирди.
«Эгерде кафе, ресторан, ашканалар, жалпы тамактануучу жайлар биз берген алгоритмдин негизинде иштебесе, кийинки жумадан баштап чектөө чаралары кабыл алынат. Тактап айтканда, коомдук тамактануучу жайларды кечки 22:00дөн эртең мененки 05:00гө чейин жабышыбыз керек болот», — деди Түлөбаев.