Бүгүн Бишкекте жер астындагы “Old Bishkek” көп функционалдуу комплексинин курулушунун мезгил кутусун салуу аземи өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, “Ташболот Холдинг” ЖЧКсынын директору Назгүл Түлеева жана шаар тургундары катышты.
Белгилей кетсек, долбоордун наркы 2 млрд сомду түзөт. Курулуш иштери тендерди утуп алган “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компанияларынын жеке инвестициялары аркылуу ишке ашырылууда. Шаар бийлиги объектти инвесторлорго 49 жылга ижарага берет.
Айбек Жунушалиев өз сөзүндө долбоор шаардын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.
“Бул маанилүү ички инвестиция. Мэрия бул процесске активдүү катышып, өз салымын кошууда. Курулуш көп функционалдуу болуп, бир эле убакта бир нече шаардык көйгөйлөрдү чечет. Бул жөн эле өтмөк эмес. Шаар тургундары үчүн жер астындагы унаа токтоочу жай жана заманбап талаптарга ылайык шарттары каралган соода борборлору курулат. Бир долбоор менен бир эле учурда көптөгөн көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылабыз. Албетте, масштабдуу оңдоо иштери жүрүп жатат, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайбыз. Бирок, жолдорду азыр иретке келтирбесе, абал мындан да оорлойт. 6-8 айдын ичинде жолду ачабыз, бирок иш уланат. Ал эми долбоор эки жылдын ичинде толук бүткөрүлөт”, — деди ал.