• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Тамчыда медициналык тез жардам көрсөтүү пункту ачылды 

15 Бугу 2024 14:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында медициналык тез жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Алшая, Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Белгиленгендей, медициналык тез жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, 38,5 млн сом жумшалды.

Аталган пунктун аянты 476 м2 түзүп, анда күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган.

Теги:
Количество просмотров: 83