• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тамчыда шамалдан урап калган тосмо 2 ай мурун курулган. Чыгымды ким мойнуна алат?

20 Жалган куран 2023 12:19 Бишкек Govori.TV

18-мартта катуу шамалдан улам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун тосмосунун бир бөлүгү урап калды. Күбөлөр окуянын видеосун социалдык тармактарга жарыялашты.

Ысык-Көл облусундагы аэропорттун кулап калган тосмо дубалын подрядчы фирма калыбына келтире турганы белгилүү болду.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымына караганда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн.

«2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет. Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун ирээтке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат. Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз», — деди ал.

2023-жылдын январында президент Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропортко барып, модернизациялоо долбоору менен таанышкан. Анда аэропорттун аймагын кеңейтилери, кошумча тосмолорду орнотулары жана селден коргоочу жаңы курулмалар салынары кабарланган.

20-январь 2023-жыл

Ошондой эле бийлик аэропортко саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турчу жаңы аэровокзал комплексин курууну пландаган.

Количество просмотров: 1122