• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Тамчы» эл аралык аэропортунун тосмосу кулап калган. Президенттик аппараттын түшүндүрмөсү

19 Жалган куран 2023 20:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы аэропорттун тосмо дубалы кулап калганы боюнча президенттин аппаратынан түшүндүрмө беришти.

«Тамчы» эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. 2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет.

Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун ирээтке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 4446