• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Танк жарылган». Нургазы Анаркуловдун иниси чек арада каза болду

20 Аяк оона 2022 16:31 Бишкек Govori.TV

Чек араны коргоодо 26 жаштагы механик-танкист Санжар Анаркулов каза болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын мурдагы башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

«Иним Санжар Анаркулов кыргыз -тажик чек арасындагы согушта баатырдык жасап, жоокер достору менен танк аркылуу душманды Достук айылында кубалап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды. Бирок, душмандын аткылоосунан танк жарылып, курман болду. Санжар иним кыргыз жеринин бүтүндүгүн коргоп, эл-жер үчүн өз өмүрүн берди! Иним, сенин бул баатырдыгын түбөлүк биздин эсибизде калат. Кош!!! Жаткан жерин жайлуу болсун!»,-деп жазды Анаркулов.

Кошумчалангандай, Санжар 1996-жылы Баткен шаарында туулган. Ал 5 жылдан бери аскер кызматкери болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 5238