Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркуловдун бөгөт чарасы өзгөртүлгөнү маалымдалды.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Анаркулов тергөө абагынан бошотулуп, 10-июнга чейин үй камагына чыгарылды.
Нургазы Анаркулов 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип келатканда чек арадан кармалган. Ал Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алынгандан кийин анын атынан билдирүүлөрдү таратып жаткан.
Анаркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылганы айтылган.