• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: Нургазы Анаркуловду камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалган жок

1 Бирдин айы 2021 20:55 Бишкек Govori.TV

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловдун пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

«Кылмыш ишинин алкагында А.Н.С. камакка алуу түрүндө эч кандай баш коргоо чарасы тандалган эмес, аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатат. Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгында ага карата юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мурда Анаркулов УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

Анаркулов бул кызматка 2020-жылы 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийинки бийлик алмашууда дайындалган. Президент Садыр Жапаров 1-февралда Анаркуловду берген арызынын негизинде кызматтан бошотту.

Количество просмотров: 381