• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымын жоопкерчиликке тартууга макулдук берди

4 Жалган куран 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Мындай чечим бүгүн, 4-мартта кабыл алганы белгилүү болду.

Жыйынга Калиева келген эмес. Ал ооруп жаткандыгы айтылган арызын берип жиберген. Отурумга Калиеванын жактоочусу да келген эмес.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына өткөн жылдын декабрь айында кайрылган. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, жоопкерчилиги карала турганын айткан.

Количество просмотров: 93