Бишкек. 22.09.2018. Govori.TV
Гүлбара Калиева Жогорку соттун Төрайымы болуп дайындалды. 21-сентябрда Айнаш Токбаева кызматын таштаганы белгилүү болгон. Ал Жогорку соттун Төрайымы болуп, 2015-жылдын 23-сентябрынан бери иштеп келген.
Калиеваны шайлоо судьялардын жыйналышында болуп, ага 33 судья катышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары болуп, Бокоев Каныбек Абдыраевич бекитилди. КРынын Жогорку сотунун жарандык укук боюнча орун басары болуп, Асанова Нургүл Молдобековна дайындалды. Админстративдик жана экономика иштери боюнча Жогорку соттун төрайымынын орун басары болуп, Токбаева Айнаш Абдымановна шайланды.