• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Тартип сакчылардын ичинде каза болгондору да бар». Казак президенти кайрылуу жасады

5 Үчтүн айы 2022 20:03 Бишкек Govori.TV

Эмне гана болбосун, мен борбор калаадан кетпейм, деп билдирди казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

Ал бүгүн, 5-январь күнү кечинде казак элине кайрылуу жасады.

«Биздин сүйүктүү шаарыбызда (Алматы) тартип сакчыларына массалык кол салуу орун алууда. Алардын ичинде каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Мен президент катары жарандардын коопсуздугу жана тынчтыгын, Казакстандын бүтүндүгү коргошум керек. Мен кабыл алган чаралар көп улуттуу Казакстандын бакубаттуулугуна багытталган. Акцияга чыккандардын арасында бейбашчылыктын элементтери көбүрөөк байкалып жатканын айтып коюш керек. Бул финансылык кызыкчылыктары бар кутумчулардын атайын пландалган аракеттеринен кабар берип турат. Ооба, кутумчулар деп атайм. Ошондуктан менен мамлекет башчы жана бүгүнкү күндөн тартып Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары өтө катуу чараларды көрөм. Бул өз өмүрүн жана үй-бүлөлөрүн коргоо үчүн жардам сурап жаткан биздин жарандардын коопсуздугу. Бул биздин мамлекеттин коопсуздугу маселеси. Эл мени колдойт деп ишенем. Кандай болбосун мен борбордо кала берем. Калк менен бир болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы кара такты чогуу жеңебиз»,-деди ал.

Количество просмотров: 1198