• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Тарыхты убакыт тастыктайт». ЖК кызматтан алган Абдрахматова билдирүү жазды

3 Бугу 2023 15:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушу каралып, көпчүлүк добуш менен Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Депутаттардын кабыл алган чечиминен соң Атыр Абдрахматова өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жазды.

«Эркин элдин эртеңи болот. Кыргызстандын эркиндигине кызмат кыл, мен чапкан жолдун сапарын улантар урпагым чыгарына ишенем» -деген эле чыныгы элдик лидер Ж. Абдрахманов.
Мен да ишенем, Жусуп Абдрахмановдун урпактары көппүз. Эл тараза, тарыхты убакыт тастыктайт…», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Акыйкатчыны кызматтан кетирүү сунушун 50 депутат колдоого алса, 5 депутат каршы болду.

Количество просмотров: 823