Учурда социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан ЦУМдун тушундагы курулуштар кызуу талкууга алынып жаткан чагы. Айрымдар ал жердеги тагыраагы Чүй проспектиси тарып калганын айтышкан.






Ал эми курулуш жургузуп жаткан Old Bishkek долбоорунун жетекчиси жол тууралуу комментарий берип, “Жолдун туурасы мурдагыдай 16 метр. Бирок Абдрахманов менен кесилишиндеги бурулуштарды кеңейтип, бирден колея коштук. Натыйжада ал жерде жолдун эни 24 метр болуп калды”, — деген.
Учурда жолдун бул бөлүгүнө асфальт төшөлүп жатат. Түлеев 5-6-декбарда бул жер ачылып кала тургандыгын убадалады.