Бишкектин Чүй проспектисиндеги курулуп жаткан Old Bishkek комплексинин айланасында кызуу талаш-тартыш жүрүүдө. Айрымдар баштапкы долбоор башкача болчу, көп кабаттуу имараттын салынуусу орунсуз десе, айрымдар жол тарып кеткенин жазышууда.
Ал эми долбоордун жетекчиси Нариман Түлеев долбоор толук бүткөн соң Кыргызстандын Монте-Карлосу болорун жана шаар тургундарын сабыр кылып, бир аз күтө турууну өтүндү.