• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таш-Көмүрдө өрттөн төрт адам каза болду

12 Баш оона 202410:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Панфилов №193 дарегиндеги турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза тапты. ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык 11-августта болгон.

Өрттү өчүрүүгө Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки өрт өчүрүү автоунаа, куткаруучулар тартылган.

Тилсиз жоодон 6 жаштагы кыз, 11, 13 жаштагы балдар жана 63 жаштагы эркек киши каза болгон. Алардын сөөгү шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 190