• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Таш-Темир» заводунун кампасынан чыккан өрт өчүрүлдү

28 Бештин айы 202115:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Кулатов көчөсүндө жайгашкан «Таш-Темир» заводунун кампасындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт саат 12:31де чектөөгө алынып, 14:19да толук өчүрүлгөн.

«Жалпы аянты 250 чарчы метр кампада курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 152