• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев абактагы Султанбеков менен Карамушкина боюнча жооп берди

11 Бештин айы 202412:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-декабрда ЖКнын жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абактагы Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана Ирина Карамушкина тууралуу депутат Сеидбек Атамбаевдин айткандарына жооп берди.

Депутат Атамбаев жыйын учурунда Темирлан Султанбековдун абалы начарлап жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүн аны менен эрегишпөөгө чакырган.

“Султанбеков менен эрегишпесек, жаш бала болсо, жаш баладай өзүн алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип жатат. Эгер мамлекетти башкара албасаңар мага бергиле дейт. Ал үчүн өсүшү керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берсин”, — деп жооп берди Ташиев.

Ал эми Ирина Карамушкинага тергөө абагында басым болуп жатат деген билдирүүнү Ташиев четке кагып, депутат Сеидбек Атамбаевге жабык жайга барып, анын шарт менен таанышууга чакырды.

Количество просмотров: 429