Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин алтын кендерин казууга берилген 23 лицензия мамлекетке кайтырылганын билдирди.
Ал бул тууралуу 13-сентябрда Чүй облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди жана кен тармагындагы коррупция тууралуу айтты.
“Бул жерде чырмалышкан мафия болуп кеткен. Биздин алтыныбызды, кен байлыктарыбызды биринен бири сатып алып, бирине бири сатып, мамлекетке эч нерсе түшпөй, каяктагы чет жактагы адамдар байып жүрө беришкен. Ушулардын баарын биз көзөмөлгө алдык”, — деди Ташиев.
Ал мамлекетке кайтырылды деген лицензиялардын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок.