• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ташиев: «Бүгүн, эртең дагы жогорураак кызматтагы жетекчилерди кармашыбыз мүмкүн»

5 Бештин айы 202411:42 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин билдирди.

Атайын кызматтын жетекчиси 5-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда, “кармоолор айрым жетекчилерге чейин жетиши мүмкүн” деди.

«Коррупция менен күрөшүүгө караганда, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү оңоюраак экен. Мен аны өзүм көрдүм, сездим. Азыр «бандиттик» ишти эч кыла албайт, качып жүрөт. Ал эми коррупция дагы деле уланып жатат. Жемкорлук жогорку деңгээлге жетти. Кечээ эле салык кызматынын Бишкектеги жетекчилерин кармадык. Алар бюджетке алдын ала эсептөөлөр боюнча 2-3 млрд сом зыян келтирген. Ошол эле учурда биз жөнөкөй соодагер, ишкерлерден салык төлө деп кыйнап атабыз. Өзгөчө ошол ЭТТН системасы боюнча коррупциялык жол түзүшкөн. Бул башталышы гана. Бүгүн, эртең дагы жогорураак кызматтагы жетекчилерди кармашыбыз мүмкүн. Бул мафиялык жемкорлук түзүлүш  болуп калыптырю. Булар товарды кампалардын чыгарып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК-ЭТТН) жазып жөнөтүшөт. Сосновка постунан аны кайра артка кайтардык, товар кампага келди деп коюшат. Бирок товар артка келбей эле Ош, Жалал-Абад же Баткенге жетип сатылып кетип атат. Ошол эле кезде салыгы төлөнбөйт. Товар болсо сатылып кетти”, — деди Ташиев.

Количество просмотров: 224