Бишкекте 9-январда Казакстандын элчилигинин алдында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүп жаткан акцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев барды. УКМК жетекчиси Викрам Рузахунов террорчу эмес экенин айтты.
“Расмий кайрылуу бизге бериле элек. Бирок, мамлекеттик каналдардан көрсөтүп жатышат. Бул окуя бизге катуу тийди, биздин жаранды террорчулар катары көрсөтүлүшү. Бул багытта биз азыр нота тапшырдык. Маалыматтарды жибердик. Ал музыкант. Эртең менентен бери Викрам Рузахунов тууралуу бардык маалыматты текшердик. Ал эч кандай башаламандыктарга катышкан эмес. Биздин атуулдарды террорчулукка айыптоо туура эмес”, — деди Ташиев.
9-январда Казакстандын «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.
Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.