• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Ташиев: Чек ара боюнча чечимдер эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилген

10 Чын куран 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында 9-апрелде чек ара маселесине арналган өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өттү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Анда 25-мартта кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын Ташкент шаарында кол коюлган протоколу талкууга алынды.

Ага ылайык, Ташиев жыйында «Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алына» турганын билдирген.

«Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алынмакчы. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракеттер аркылуу гана мамлекеттик жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен, өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгондугун айтышат», — деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, 24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Количество просмотров: 139