• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ташиев чек арада үйү өрттөлүп кеткен аксакалга акчалай жардам көрсөттү

14 Бештин айы 202414:04 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2020-жылы үйү тажик тараптын провокаторлору тарабынан өрттөлгөн Көк-Таш айылынын Чек-Дөбө жергилигинин тургуну Абдурахим Мажитов аксакалды кабыл алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев аксакалга акчалай колдоо көрсөттү.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Камчыбек Ташиев бул аксакалдын өрттөлгөн үйүн калыбына келтирүү үчүн акчалай колдоо көрсөтүп, бул үй стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, үйдү тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын демилгелеген болчу.

Количество просмотров: 163