• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташиев Дайырбектин Индиядагы операциясын каржылоого көмөк кылат

20 Бештин айы 2022 12:54 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж Маматкалиев Дайырбек Кыялбековичке жардам көрсөтөт.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 20-декабрда Ташиев курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Дайырбектин ата-энеси менен жолугушту.

«Дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Д.Маматкалыевдин ата-энеси УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында Ташиев УКМК Маматкалыевдин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 344