• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев ФИФАнын өкүлдөрү менен жолукту

19 Жалган куран 2024 16:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз футболдук союзунун президенти Камчыбек Ташиев ФИФАнын өкүлдөрү — аймактык техникалык директор Гайоз Дарсазде жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча адис Ричард Аллен менен жолугушту.

Жолугушуунун башкы максаты өлкөдөгү футболду өнүктүрүү пландарын талкуулоо болду. Коноктор ФИФАнын футболду глобалдуу өнүгүшү боюнча максаттарын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө өз көмөгүн көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Атап айтканда, Ричард Аллен таланттарды аныктоо боюнча багытын өркүндөтүүнүн жолдорун сунуштады.

КФС Президенти футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана клубдарды, академияларды, ошондой эле курама командаларды өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп, ФИФАнын өкүлдөрүнө алардын ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Гайоз Дарсазде ФИФАнын таланттарды өнүктүрүү боюнча долбоорунун (TDS — Talent Development Scheme) маанилүүлүгүн баса белгилеп, аталган долбоорду Кыргызстанда улантуу зарыл экендигин айтты. TDS алкагында испандык машыктуруучу — Дэниэл Лимонес 15 жашка чейинки курама командаларынын өзөгүн түзгөн оюнчуларды машыктырат. Долбоордун пилоту өткөн жылы КФС тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып, андан соң ФИФА 2025-жылга чейин аны узарткан.

Количество просмотров: 80