“75чилердин каты” деп айтылган иш боюнча 15-июндагы соттук отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди.
Процесстин жүрүндө аны менен айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышты.
Анын алдында жактоочулар Сурабалдиеванын YouTube каналга курган маегинде “Ташиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп айтканына токтолуп, мындай сөздү “ишенимдүү айтканынын себебин” сурады.
Ташиев кылмыш иши боюнча материалдардын арасында парламенттеги ички териштирүү боюнча маалымат жок экенин белгилеп, соттон аны алдырууну сурады.
Судья кайым айтышты токтотуп, иштин негизи боюнча сүйлөшүүгө чакырды.