• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев: Интернетте өлкө башчысын жамандагандарды тизмектеп жатабыз, бир күнү жоопко тартылат

8 Теке 2021 17:22 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айрым жарандарды жана саясатчыларды бийликти сындаганы үчүн айыптады жана аларга чара көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

“Азыр биздин коом радикалдашып баратат. Саясий коркунучка чакырган жарандар көп. Алтургай ар кандай төңкөрүшкө чакырган адамдар бар. Мен учурдан пайдаланып аларга эскертип коеюн. Интернетте өлкө башчысын, дагы башка кызмат адамдарын далилсиз жамандап, каралап жаткандар кайсы бир күнү жоопко тартылат. Биз ар бириңерди тизмектеп, белгилеп жатабыз. Жогорку Кеңештин бир депутаты парламенти Орхан Инанды үчүн жооп бересиңер деп такай кыйкырып жатат. Баарыбыз жооп беребиз, ошонун ичинде сиз дагы, мыйзамсыз чакырыктарыңыз үчүн жооп бересиз. Азыр биринчи планга “саясий экстремизм” чыкты. Айрым саясатчылар чогулуп алып “күзүндө шайлоо болот, андан кийин төңкөрүш болот» деп жатат. Эч кандай революция болбойт. Биз, азыркы бийлик, элдик бийлик революцияга эч качан жол бербейбиз. Андан көрө революциясы жок эле өзүбүз кетип калабыз», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 825