УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу айткандары тууралуу түшүндүрмө берди.
«Айрым журналисттер менин айткандарымды Көлбаевди жок кылуу тууралуу жеке мен көрсөтмө, же буйрук бергендей кылып жазышты. Бул андай эмес. Биз өз милдетибизди мыйзамга жараша алып барабыз. Көлбаевди 2023-жылы 4-октябрда биздин кызматкерлердин тобу «Дөө Чыңгыздын» өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген шек менен алып келиши керек болчу. Биздин кызматкерлер Көлбаев отурган жерге барганда анын күзөтчүлөрү тоскоолдук жаратышкан. «Альфа» атайын багыттагы бөлүктүн кызматкерлери анын күзөтчүлөрүн токтоткон. Көлбаев экинчи эшик аркылуу качууга аракет кылган. Биздин кызматкерлер кирип барганда аларга ок чыгарган. Аны токтотуу үчүн «Альфанын» кызматкерлери курал колдонгон жана анын негизинде Көлбаев өлгөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайсы учурда курал колдоно алары тууралуу мыйзам бар. Эгер кармаганы жаткан адам кызматкерлердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурса анда алар ошол кылмышкерди жок кылууга милдеттүү. Биздин кызматкерлер ошол маалда куралды туура колдонгон. Айрым журналисттер менин айткандарымды өздөрү каалагандай берип коюптур. Көлбаевди жок кылуу тууралуу жеке буйрук берүү тууралуу сөз дагы болушу мүмкүн эмес»,-деген Ташиев.
Ташиев 16-январда Бишкекте билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушууда Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынганы тууралуу түшүндүрмө берген.