Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кийинки президенттик шайлоого талапкер болуп барбай турганын айтты.
Анын айтымында, Садыр Жапаровдун мамлекет башчылыгына ат салышууга толук укугу бар.
«Мен азыркы президентти колдойм. Кимди президент кылабыз? Равшана Жээнбековбу же Бекназаровабы? Балким Алмазбек Атамбаевди кайтарып береби? Биз баарын көрдүк», — деди Ташиев.