• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев коркутуу катын таштап кеткен адам табылганын айтты

25 Жетинин айы 20249:53 Бишкек Govori.TV

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышкан. Анын видеосун Өткүрбек Рахманов социалдык тармактарга жарыялады.

Камчыбек Ташиев РИИБди кыдыруу учурунда атайын кызматтын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери видеокөзөмөл жана жүзүн таануу камераларынын аркасында ага коркутуу катын таштап кеткен адамды табышканын айтты.

“Ушунун (ред: видео-камералардын) жардамы менен аныктадык. Милиция кызматкерлери менен биздин кызматкерлер артынан жүрүп отуруп таап чыгышты. Ар бир баскан жерин мүнөтүнө чейин карап чыгышты”, — деген Камчыбек Ташиев кармалган адам ким экенин айткан жок.

Эскерте кетсек, буга чейин маалымат жыйынында Камчыбек Ташиев ага флешка жана коркутуу каты салынган пакет жиберилгенин билдирген.

Количество просмотров: 130