• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу маалымат берди

18 Үчтүн айы 202519:16 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу маалымат берди. Ал 18-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып учурда тажик тараптын өкүлдөрү Бишкекте жүргөнүн, 50 чакырым тилкени сызуу иштери жүрүп жатканын айтты.

«Чек ара тилкени сызуу иштери активдүү жүрүп жатат. Биз негизги келишимге жетиштик. Бүгүнкү күндө делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тажикстандык өкмөттүк топ Бишкекте жүрөт. Эки күндөн бери иштеп жатышат. Азыр бизде 50 чакырым калды, аны сызууну жакынкы апталарда бүтүрүшөт. Мен Нооруз майрамына чейин ратификациялоону жүргүзүп, президенттерибиз кол коюп, ноталар менен алмашабыз деп үмүттөнөм. Биз ошону менен чек араны тактоону юридикалык жактан толугу менен аягына чыгарабыз», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 270