УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берди.
УКМК төрагасы чыр чыгып келген Головной суу бөлүштүрүүчү жай боюнча да маалымат берип, андагы үч люктун 1,5ы — үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо өлчөмдөгү жер тилкеси 1,5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнүн айтты.
Ташиев ал үчүн 750 гектар жер компенсация катары алынганын белгиледи.