УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков экөөнү президент чакырып алып тилдегенин айтты.
Анын айтымында, Садыр Жапаров үч күн мурун эч кимге айтпастан Ысык-Көлгө барып, суунун торлордон тазаланышын текшерген. Өлкө башчысы көл дагы деле тордон арылбай, ал тургай жаңылары пайда болгонуна кейигени айтылды.