• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ташиев менен Ятимов жолукту

12 Бештин айы 2023 15:33 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун ортосунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер, 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын талкуулап, калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Количество просмотров: 91