• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ташиев менен Жапаров минген аттарды шайлоочулары белекке бергени айтылды

25 Теке 202223:06 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусундагы жайлоодон минген аттар 2020-жылы шайлоочулар тарабынан аларга белекке берилген. Бул тууралуу Регион телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына билдирди.

Ал 2020-жылдын күзүндө «Мекенчил» партиясы парламенттик шайлоого катышканын эске салды. Талапкерлердин тизмесин жана шайлоо өнөктүгүн Камчыбек Ташиев жетектеген.

«2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Мекенчил» партиясын жетектеп барган Камчыбек Ташиев эң алгачкы жыйынды 4-сентябрь күнү Садыр Жапаров туулуп өскөн айылдан (Түп районундагы Кең-Суу айылы) баштаган болчу. Жолугушууга чогулган эл тарабынан Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго аталып эки ат тартууланган. Камчыбек Кыдыршаевич тору атка минип, бирок, Садыр Нуркожоевич ал кезде абакта болгондугуна байланыштуу ага аталган кара ат бош калган. Ошондо, Камчыбек Ташиев калың элден ак бата алып, шайлоого аттанып жатып: «Буюрса, досумду алып келип, ушул атка мингиземин. Досумду абактан чыгарууга жардам бериңиздер. Кудай буюрса, Садыр Нуркожоевичти эл кызматына алып келебиз…» — деп, андан соң Кыргызстандагы бүтүндөй айыл кыштактарга чейин кыдырып чыкканы белгилүү. Кудай Тааланын буйругу менен, эл-журттун колдоосу менен ал ниеттер орундалды. Жараткан Камчыбек Ташиевди ошол күнү калың элдин алдында айткан тилек-максатына жеткирди.
Кызыгы, кечээ Каркыра жайлоосунда эки достун ат минген сүрөттөрү тарады. Баамдасаңыз, 2020-жылы Кең-Сууда ыйгарылгандай, Садыр Нуркожоевич кара ат, Камчыбек Кыджыршаевич тору ат минип жүргөнүн көрдүк.
Бул эми жөн гана дал келүүчүлүк деле болушу мүмкүн. Бирок, элибизде, динибизде бардык нерсе ниеттен, ыкластан көз каранды деп айтылат эмеспи. Кудайга чын дилиң менен ниет кылып, журөгүңдөгү бар ыкласың, бар күчүң менен аракет кылсаң, максатыңа жеткирет тура», — деп жазат ал.

Эске салсак, өткөн дем алыш күндөрү Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна кичи мекенине барган. Анда Камчыбек Ташиев менен бирге атчан жайлоодо жүрүшкөн. Бул тууралуу президент өзүнүн расмий баракчасына фоторепортаж жарыялаган.

Количество просмотров: 394