• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ташиев: Менин туугандарым, балдарым менен мамиле түзүүгө аракет кылбагыла

25 Аяк оона 202422:39 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, аларды анын жакындары мамиле түзүүдөн алыс болууну талап кылды.

Ташиев белгилегендей, эгер УКМК кызматкерлеринин анын жакындары менен байланыш далилденип калса катуу чаралар көрүлөт.

«Эгер кимдир бирөө менин жакындарым менен менен сүйлөшүп, телефон аркылуу да сүйлөшүп койгон болсоңор жоопко тартыласыңар, кызматтык иликтөөгө алынасыңар. Менин бир дагы бир тууганым, балдарым, жакындарым менен силер эч кандай мамиле кылбашыңар керек. Бир дагы жакындарымдын тапшырмалары болобу суранычтары, өтүнүчтөрү болобу эч кандай аны аткарууга силер милдеттүү эмессиңер жана аткарышыңар керек эмес. Эгерде кимдир бирөөңөр менин жакындарым менен сүйлөшүп, байланышып жолугуша турган болсоңор, билип эле калсам кызматтык иликтөөгө алынасынар»,-деди ал.

Ал ошондой эле эч бир тууганын бийлик ишине кийлигиштирбей турганын белгилеп, буга чейин өлкө башкарган жетекчилердин саясатта туугандашып кеткени эмнеге алып келгенин да айтып мисал кылды.

Количество просмотров: 281