• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташиев: Раим Матраимов карапайым жигит

28 Жетинин айы 2019 17:29 Бишкек Govori.TV

Бир адамды каралап, мамлекеттик деңгээлге монстр кылып алып чыгуу туура эмес. Бул тууралуу мурдагы депутат Камчыбек Ташиев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Ташиевдин айтымында, Раим Матраимов жогорку кызматта иштебеген, көп болсо болсо бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон.

«Азаттык» үналгысы кандай максатта иликтөө жүргүздү мамлекеттик масштабдагыбы же жеке адамды каралообу? Бир адмга баардык коррупцияга байланыштуу иштерди илип, каралап жатабыз. Урматтуу журналисттер Кумтөр, электр тармагы, жол куруудагы акчалар эмне үчүн иликтенбейт? Ал эми Раим Матраимов өтө деле чоң кызматта иштебеген, эң көп болсо бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон . Ал министр да, депутат да болгон эмес. Ал жакшынакай, карапайым жигит»,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 301