УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо таза өтөрүн жана ага эл аралык коомчулук да ынана турарын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 30-ноябрда шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Кыргызстандагы шайлоо системасынын аналогу жок. Мындай система мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө, айрым Европа мамлекеттеринде жок. Шайлоочу каалаган шайлоо тилкесине барып добуш берсе болот. Шайлоочуларды ташуу, кошумча бюллетень чыгаруу деген жок. Бардыгы электрондук түрдө болот жана кагаз түрүндө да журналга түшүрүлүп турат”, – деди ал.