Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасы Камчыбек Ташиев генерал-полковник наамын алганы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, бул ал үчүн күтүүсүз болгон.
«Биз сыйлык күтпөйбүз, биз элге кызмат кылабыз», — деди ал.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата мамлекеттик ишмерлерге, өлкөгө эмгеги сиӊген инсандарга, маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.