Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы брифингде иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана анын төкмө акын, комузчу Болот Назаров менен байланышы тууралуу билдирди. Анын айтымында, баңгизатка байланыштуу төкмө акын Назаровго каршы жазылган арызда Temirov LIVE каналынын кеңсеси көрсөтүлгөн.
«Болот Назаров Темировдун досу окшойт, дайыма чогуу иштейт экен. Ал дайыма баңгизат колдонот экен. Колдонгондо дагы бурбулятор менен колдонот экен, мен деле силер менен кошо видеодон көрдүм. Ал таза эмес, хмиялык зат. Бишкекте бул көбөйүп кетти. Ошол Болот Назаровдун үстүнөн арыз түшөт, Назаров ошол кеңседен алып чыгып, таратылып жатат деген арыз болот. Ошону милиция карабай койгонго болбойт. Ошонун негизинде кармалды. Назаровду жана анын жанындагы кызды алып барып текшергенде, канынан баңгизат чыккан. Алар дайыма колдонуп жүрүшкөн. Болот Темировдун канынан чыкпаганына сүйүнүп жатам. Темировду камабай, сыртка чыгарып коюп иликтөө жүргүзө берет деген ойду айктым келет. Мен дагы ушуга аракет кылам», — деди Ташиев.
22-январда төкмө акын Болот Назаровдун дайыны чыкпай жатканы Интернет булактара чыга баштаган. Кийин аны менен бир кыздын бөтөлкөдөн бир зат жыттап жатканы тартылган видео социалдык тармактарга чыккан. Милиция бул боюнча расмий маалымат бере элек.