• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ташиев: Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даярбыз

26 Жалган куран 2021 16:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрөгасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-мартта маалымат жыйын учурунда билдирди.

“Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Бул анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана, пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Бул аймак божол менен 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлеринен алмашууга даярбыз. Ворух анклавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек”,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 483