• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ташиев жалгыз бой энеге үй куруп берди

18 Теке 2022 19:45 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жалгыз бой энеге үй салып берди. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Үлгү айылынын тургуну Гүлшайыр Ташполотова жалгыз бой эне. Эки балалуу эне ондогон жылдар бою Орусия жергесинде иштеп, Үлгү айылынан өзүнө там сатып алган. Бирок, 2021-жылдын декабрь айында турак жайы толугу менен өрттөнүп кеткен.

«Үй-жайсыз калган Гүлшайыр Ташполотованын кайрадан там курууга такыр мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, жардам сурап февраль айында Камчыбек Ташиевге кайрылган. Ташиев 33 күндүн ичинде жаңы турак-үйүн куруп берди»,-деп жазылат маалыматта.

Бүгүн жаңы турак-жайдын ачкычын Камчыбек Ташиев Гүлшайыр Ташполотовага айыл аксакалдарынын жана үй ээсинин жакындарынын катышуусунда тапшырган.

Количество просмотров: 474