• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташиевдин бийликти сындагандарды зекигени талкуу жаратты

9 Теке 2021 14:13 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда өлкөдөгү акыркы кырдаалдар боюнча маалымат жыйын куруп, президентти баш кылып бийлик өкүлдөрүн сындагандар жоопкерчиликке тартылат деген эскертүү берди.

Анын айтымында, айрым саясий күчтөр коомчулукту радикалдаштырууга аракеттенип, кээ бири төңкөрүш кылууга чакырыктарды жасап жатат.

«Интернетте калп эле кыйкырып, мамлекет башчыны жана бийлик өкүлдөрүн жөнү жок сындап жаткандарга эскертип коёюн. Убакыт келгенде жоопкерчиликке тартыласыңар. Ар бириңерди каттоого алабыз, ал тургай чет өлкөдөгүлөрдү да жазабыз. Ошондуктан токтогула», — деди Ташиев.

УКМК башчысынын бул сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

Количество просмотров: 635