• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиевге арыздануу үчүн барган Султанбеков эмне үчүн оюнан кайтты?

25 Жетинин айы 2021 12:10 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 23-ноябрында «Социал-Демократ» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасынын кабылдамасына УКМКнын төрагасы менен жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратып, анда, ошол эле күнү кечинде саат 20:00дө УКМК коомдук кабылдамасында КРнын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан Т. Султанбеков менен УКМКнын кызматкери сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылат.

«Комитеттин кызматкери «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамга ылайык, ал өлкөнүн жараны катары шайлоо процессинин бузулушунун фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укуктуу, ага мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар боюнча негиздүү жооп берилеттиги боюнча маалыматты Т. Султанбековго берген. Ошону менен бирге, Султанбековго атайылап жалган маалымат тараткан боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилген.

Бирок Т. Султанбеков расмий кайрылуудан баш тарткан. Ал ошондой эле КРнын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын жана жагдайларын ачыктоодон баш тартты. Белгилей кетчү нерсе, шайлоо процессине кийлигишүү жагынан коомдук аң-сезимди ар кандай шылтоолорду жана манипуляцияларды болтурбоо максатында, Шайлоо алдындагы агитация мезгилинде УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди жеке кабыл албайт», — деп айтылат маалыматта.

УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жана саясий партиялардын административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусуна жана шайлоо мыйзамдарын бузуусуна жол берилбестигин эскертет.

Ал эми Султанбеков: «Ташиевдин атынан келдик дегендер биздин талапкерлерге жолугуп, эгерде талапкерлигин албаса, анда аларды кыйнай турушканын айтышкан. Ташиев өзү талапкерлердин жакындарына телефон чалганы тууралуу маалымат бар. Мен ушуну тактагым келди. Мүмкүн ал адам Ташиев эмес, а каршылашыдыр…

23-ноябрда биздин штабдан Камчыбек Ташиевдин жардамчысына байланыштык. Ташиев тез арада реакция жасап, мага телефон чалып, УКМКга жолугууга чакырышты. Мен саат 20:00дө барсам, мага мындай болушу мүмкүн эместигин, калп экенин айтышты. Мен Камчыбек Ташиев андан же «анын» атынан коркутуу уккан талапкерлерге өзү айтсын деп сурандым», — деп, фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди.

Количество просмотров: 130