• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ташкентте 2 тоннадай маңзат өрттөлдү

28 Кулжа 2022 8:52 Бишкек Govori.TV

Ташкентте Маңзат менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата укук коргоо кызматкерлери тарабынан алынган 1,9 тонна маңзат каражаттары жок кылынды.

Маалыматка ылайык, журналисттердин жана эл аралык уюмдардын катышуусунда чоюн эритүүчү меште 1 тонна 934 килограммдай маңзат каражаттары өрттөлдү. Алардын арасында: 133 килограмм героин, 159 килограмм апийим, 1 тоннадан ашык кара куурай чайыры, 300 килограмм марихуана, 79 килограмм көкнар, 247 килограмм кара куурай жана башка ар түрүү психотроптук жана психоактивдүү заттар бар.

Өрттөлгөн маңзаттын 530 килограммдан ашууну бажычылар жүргүзгөн ыкчам операциялар учурунда алынган.

Былтыр Өзбекстанда манзат жүгүртүүгө байланыштуу 7142 кылмыш ишинин бети ачылган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1864,4 килограмм маңзат алынган. Кылмыш жасоого айыпталгандардын арасында 131 чет өлкөлүк жаран болгон.

Количество просмотров: 51