Ташкентте Macan жана Xcho аттуу ырчылардын бекер концертинде массалык мушташ болгонун Podrobno.uz. жазып чыкты.
Концертти бекер көрүүнү каалагандар тосмолорду кулатып, бири-бирин жөөлөп, чалынып жатышты. Андан кийин концерттин өзүндө мушташ башталган.
Ташкент шаарынын ички иштер башкармалыгы интернетте тараган коомдук тартипти бузган видеолорго комментарий берди. Укук коргоо органдары мушташка катышкан беш жашы жете элек баланын ата-энесине административдик 47-берене (Балдарды тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча протоколдор түзүлгөнүн билдирди.
Калган катышкан жарандарга карата тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим чыгарылат.
Кененирээк: centralasia.media/news:2160980/?f=cp